Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 6-декабрында Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын отуруму чогулду.

Комиссия Элмир Акуналиевич Досалиевдин төралыгы астында өттү. Комиссиянын отурумуна Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана шаардык мекемелердин жетекчилери чакырылган.

Анда, борбор калаабыздагы парковкаларды уюштуруу, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасын өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын Генералдык прокуратурасынын өрттөнүп кеткен имараты боюнча маалымат угулуп, кызуу талкууга алынган.