Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясы «Бишкек шаарындагы таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча депутаттык жумушчу комиссия тузүүнү чечти.

БШКнын туруктуу комиссиясынын пикири боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мүмкүн болгон коррупциялык схемаларды текшерүү керек.

Бул долбоорду ишке ашыруу 2015-жылы башталган. ЕРӨБ тарабынан 22 млн евро берилген, анын ичинен 11 млн евро грант, калган 11 млн евро кредит.

Бүгүнкү күнгө чейин муниципалдык ири жүк ташуучу унаа алуу үчүн тендер жарыяланбагандыгы боюнча БШК депутаттары тынчсызданууда.  Шаардык бюджетте 2018-жылы 50-60 автобус алууга 382 млн сом каралган. «БЖАТИ» МИсынын директору Нурлан Койчубековдун сөзү боюнча тендердик сунуштарды ачуу ушул жылдын 11-декабрында болот.