Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

26-ноябрдан баштап 29-ноябрга чейин ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында КР шахмат боюнча чемпионаты өттү.

Бүгүн, 29-ноябрда жабылышы болду.

Чемпионат Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин колдоосу менен КР шахмат Федерациясы тарабынан уюштурулуп, республиканын бардык аймактарынан келген 100 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катышты.

Жаныбек Абиров бардык жаш-курактагы спортсмендер чет өлкөлөрдөгү таймаштарда Кыргыз Республикасын татыктуу көрсөтө алышат деп ишенээрин айтты.

— Силер күчтүү адамсыӊар, бардык шарттарга карабастан активдүү жашоо жүргүзүп, чыдамкайлык менен сабырдуулукту көргөзүп жатасыздар, бул чоӊ сыймыка татыйт! — деп белгиледи Жаныбек Абиров.

Жабылыш аземинде ДМЧА бий өнөрлөрүн жана сурдокотормосу менен ыр тартуулашты.

Жеӊүүчүлөргө сыйлыктар жана грамоталар тапшырылды.