Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Аталган иш-чара кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекесине арналган.

«Чыӊгыз Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес, эне тилдин, мамлекеттин өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди.

Кыргыз эли үчүн кылган эмгегин бийик баалайбыз! Ошон учүн биз, Бишкек шаарындагы райондордун бирине Чыӊгыз атабыздын ысымын ыйгарууга Бишкек шаардык кенештин атынан Өкмөткө сунуш киргизип жатабыз», — деп белгиледи БШК төрагасы Жаныбек Абиров.

Иш-чарага ошондой эле Бактыбек Абдиев жана Эрмек Усубалиев катышып, Айтматовдун 90 жылдыгына карата мыкты мугалимдерге Ыраазычылык кат тапшырышты.

Ошондой эле мектеп окуучулары Айтматовдун чыгармалы боюнча театрлаштырылган оюн коргөзүштү.

Ал эми театрдын фоесинде жазуучунун чыгармалары боюнча мектеп окуучулары тарткан сүрөт жана башка инсталляциялардын көргөзмөсү уюштурулган.

Биринчи май муниципалдык администрациясы тарабынан уюштрулган иш-чара Чыӊгыз Айтматов атындагы Орус улуттук академиялык драма театрында өттү.