Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Депутаттар күн тартибиндеги 12 маселени карашты.

Депутаттар «2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2019-2020-жылдарга карата божомолу жөнүнүдө» Бишкек шаардык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү карашты. Бул маселе боюнча биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев жооп берди.

Бишкек шаарынын 2018-жылга карата бюджети ушул жылдын март айында бекитилип, ал 8 млрд 534 млн сомду түзгөн.

Өзгөртүүлөрдө жаӊы Борбордук мечитке баруучу жолдордун жана тратуарлардын капиталдык оӊдоп-түзөөлөрүнө, Эркиндик бульварын көрктөндүрүүгө жана тышкы жарынкатандырууга каражат бөлүү сунушталган.

Талкуулардан соӊ аталган маселе Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын тыянаганын эске алуу менен кабыл алынды.

Сессия учурунда Бишкек шаардык кеӊештин туруктуу комиссиялыранын тузүмү, алардын төрагалары жана орун басарлары бекитилди.

Туруктуу комиссиялар депутаттык фракция жана группалардын чечими менен депутаттардан түзүлөт.

БШКнын бюджет жана финансы комиссиясынан тышкары, комиссиялардагы ар бир фракциядан депутаттардын саны ар бир фракциядагы мандатка пропорциалуу болушу керек. Бюджет жана финансы боюнча комиссияга фракция азчылыгынан, же фракция азчылыгынын коалициясынан, же фракциялар аралык макулдашуулардан соӊ 50 пайызы кирет. Шаардык кеӊештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

Депутаттар борбордун вице-мэри Рыспек Сарпашевдин шаардык кызматтардын жол жана транспорт боюнча кышка даярдыгы боюнча маалыматын угушту.

Анын айтканы боюнча, борбордун жолдорун тазалоо Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери боюнча аткарылып жатат. Күзгү-кышкы тазалоолор 1-ноябрдан тартып 1-мартка чейин аткарылат. Тратурлардан, жолдордон, аянттардан, бакча жана бульварлардан кар жана муздарды тазалоону «Тазалык» МИсы жүргүзөт.

Бишкекте — 1300 км жол асфальтталган, анын ичинен 400 км жол жана 133 көчөнү «Тазалык» МИсы тейлейт. Жолдорду муздардан тазалоого туз аралашкан кум колдонулат.

БШК депутаты Гульнара Молдобаева бул маселени талкуулап жатып ар бир чарбалык субъект өз айланасын кар жана муздан тазалоосу боюнча райондук администрациялар иштеп чыгуусун белгиледи.

БШК депутаты Таалайбек Сагынов «Тазалык» МИсынын жолдорду муздан жана кардан тазалоо ишмердигин элге онлай көрсөтүүнү сунуштаты.

Талкуулордун жыйынтыгында депутаттык корпустун сунуш жана толуктоолорун эске алуу менен маалымат кабыл алынды.

«Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндө маселе БШК депутаттарынын колдоосун табып, бекитилди. 56 кандидатуранын ичинен 14 тандалган.

Бишкек шаарынын экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө чоӊ салымын кошкону үчүн, активдүү коомдук жана меценаттык ишмердиги үчүн «Бишкек шаарынын ардактуу жараны» наамы 14 адамга ыйгарылды.

Бишкек шаарынын «Жайлуу шарттардын шаары» социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруунун 2019-2020 жылдарга приоритеттери боюнча маалыматты» БШКнын депутаттары карашты.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин маалыматы боюнча: «программа жалпысынан — 27,5 млрд. сомго бааланган. 2019-жылга приоритеттерди ишке ашыруу үчүн — 3 млрд 850 млн сом керек, анын ичинен — 2 млрд 370 млн сом шаардык бюджеттен жана 1 млрд 478 млн сом тартылган каражаттардын эсебинен керек».

Аталган маселени талкуулоо учурунда, азыркы тапта 16 жаӊы конуш жаратылыш газына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ, ал эми 2019-2020-жылдары 14 жаӊы конушту газга кошуу пландалып жатканы маалымдалды. Тактап айтканда жыл сайын 7 жаӊы конуш газга кошулат.

Бишкек шаарынын «Жайлуу шарттардын шаары» социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруунун 2019-2020 жылдарга приоритеттери боюнча маалыматы» депутаттардын сунуштарын эске алуу менен кабыл алынды.

Экологиялык ситуация боюнча маалыматы менен борбордун вице-мэри Бакыт Дүйшембиев жооп берди: «акыркы эки жылда экология боюнча маселе активдүү талкууланып жатат жана КРнын Өкмөтү тарабынан көзөмөлгө алынып, 33 пункттан турган иш аракеттердин Планы түзүлгөн».

Депутаттар бул теманы талкуулашып, экологиялык ситуацияны жөнгө салуу боюнча кандай иш аракеттер болгонуна кызыгышты.

БШК депутаттары Адиса Имангазиева, Сайдахмат Исмаилов жана Наталья Кулматова абанын булганышынын кесепетинен Кыргызстанда онкологиялык оорулардын көбөйгөнүнө коллегаларынын көӊүлүн бурушту.

Резина жана башка таштандыларды жаккан жеке мончолор жана сауналар, таштанды полигону, транспорттук каражаттардан чыккан түтүндүн экологияга таасири жана ЖЭБден чыккан түтүндүн деӊгээлине кызыгышты.

Бул маселени талкуулап, депутаттардын сунушун эске алуу менен кабыл алынды.

Депутат Бактыбек Абдиев борбордун эски аянтына Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады. Талкуу учурунда Валентина Лисниченко аянттын атын өзгөртүү көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө тиешелүү мараторийге тийиштиги жок экенин белгиледи. Ошондой эле Свердлов районун дагы Турдакун Усубалиевдин атынан өзгөртүү боюнча өкмөткө кат жөнөтүү сунушталды.

«6,5 миӊ жер тилкесинде бүгүнкү күндө мыйзамга каршы үй-жай салынып, документсиз келет», — деп билдирди вице-мэр Бакыт Дүйшембиев. Анын ичинен 3,5 миӊи шаар куруу чектеминдеги зонада тургандыктан келечекте мыйзамдаштырууга эч мүмкүн эмес. Бул тууралуу Товарная көчөсүндөгү үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча талкуу учурунда айтылды.