Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Туруктуу комиссиялар депутаттык фракция жана группалардан түзүлөт.

БШКнын бюджет жана финансы комиссиясынан тышкары, комиссиялардагы ар бир фракциядан депутаттардын саны ар бир фракциядагы мандатка пропорциалуу болушу керек. Бюджет жана финансы боюнча комиссияга фракция азчылыгынан, же фракция азчылыгынын коалициясынан, же фракциялар аралык макулдашуулардан соӊ 50 пайызы кирет. Шаардык кеӊештин депутаты бир эле туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.

Бишкек шаардык кеӊештин XXVII чакырылышынын туруктуу комиссияларынын төрагалары жана орун басарлары:

1. Регламент, укук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Досалиев Э. А., орун басары — Лисниченко В. М.

2. Бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Кулматова Н. А. («Кыргызстан» фракциясынын чечими менен), орун басары — Докенов Э. Ш. (көпчүлүк фракция коалициясынын чечими менен)

3. Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Сыдыков Э. М., орун басары — Апсатар уулу Айжигит

4. Муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Абдраев Б. К., орун басары — Акылбеков А. А.

5. Турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Салымбеков Ж. М., орун басары — Исмаилов С. А.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия: Төрагасы — Жумалиев Ч. З., орун басары — Алымов Ж. Ж.