Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышев бүгүн, 14-ноябрда БШКнын атынан аталган ишкананын мыкты кызматкерлерин сыйлады.

Бишкек шаардык кеӊештин №37-токтомунун негизинде, жоопкерчиликтүү эмгеги, профессионалдуулугу жана жашыл фондтун өнүгүүсүнө, Бишкек шаарынын көрктүүлүгүнө жеке салымын кошкондугу үчүн, жана ошондой эле «Бишкекжашылчарба» МИнын 10 жылдык юбилейине карата төмөндөгү кызматкерлерге ыраазычылык каттар тапшырылды:

Свердлов районунун жашыл чарба участогунун мастери — Бекбоев Марлис Сексенбаевич;

Ленин районунун жашыл чарба участогунун ишкери — Молдокулов Анарбек Айбашович;

Биринчи май районунун жашыл чарба участогунун ишкери — Мунайтбасов Кутман Сүйүнбекович;

«Кара жыгач» сейил багынын кызматкери — Казакбаева Жамиля Жолдошбековна;

«Бишкекжашылчарба» МИнын адмнистративдик-чарбалык бөлүмүнүн башчысы — Абдыракманов Элебес Эсенович.

Андан тышкары көрүнүктүү эмгеги, активдүү жарандык позициясы, гуманизми, ишине берилгендиги жана өнүгүп келе жаткан муунду тарбиялоого жеке салымын кошкондугу үчүн Бишкек шаардык кеӊешинин ардактуу грамотасы менен социалдык педагог, «Оберег» калыбына кетируу борборунун тарбиячысынын жардамчысы Джабраилова Регина Руслановна сыйланды.

Русланбек Жакышов баарына ыраазычылык билдирүү менен ар бирине ден соолук, ийгилик жана мындан аркы өнүгүүлөрдү каалады.