Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Сейил бак 12-кичирайонундагы №13 үйдүн жанында, жалпы аянты 0,22ганы тузөт.

Буга чейин бул жер жеке тараптарга ижарага берилип келген.

«Горный» МТШнын 2017-жылдын 8-июндагы сотко кайрылуусуна ылайык Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 12-кичирайонунун тургундарынын доо арызын канааттандырды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2018-жылдын 31-январдагы токтому менен кассациялык даттанууну канааттандырбай, аталган жер тилкесин муниципиалдык менчикке кайтарып берген.

12-кичирайонунун тургундарынын сейил багын туптөө демилгеси жана Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары Абдурахманов Сиябек жана Иманалиев Даниярбектин колдоосу менен 2018-жылдын жаз мезгилинен тартып аталган бакчаны уюштуруу боюнча иштер башталган.

«Тазалык» МИсы тарабынан территорияны көрктөндүрүү боюнча төмөнкү иштер аткарылган:

— 5 чатырчасы менен отургучтар;

— 8 таштанды челеги;

— 315м2 аянтчага таманташ төшөө;

— балдар аянтчасына жана көчө машыкмаларынына 100 м2 желим төшөлмөгө жалпысынан 850000 сомго иштер аткарылган.

Ошондой эле «Бишкекжашылчарба» МИсы тарабынан:

— 13 даана арча;

— 28 даана туя;

— 10 даана бадал;

— 31 даана четин;

— 2285м2 жерге шибер айдалган;

— 162 м Б-3, 2 сугаруу арыктары орнотулган.

«Бишкексвет» МИсы 12 карагайга 90 ваттык светодиод лампалары менен сырткы жарыктандырууну орнотту.

Ошону менен бирге Бишкек шаардык кеӊештин депутаттары Абдурахманов Сиябек жана Иманалиев Даниярбек тарабынан балдар аянтчасы жана көчө машыкмаларына депутаттык суроо-талаптык каражаттарынын эсебинен 300’000 сом бөлүнүп берилген.

Аталган бакча 12-кичи районунун 10 миӊдей жашоочулары үчүн сейилдеп, эс ала турган бирден бир жайы.