Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордогу улуу мектептердин бири болгон №13 мектепке 80 жыл болду. Мааракеге ар кайсы жылдагы бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, урматтуу педагог-ардагерлер, №13 мектептин окуучулары жана ата-энелер чогулду.

Мектеп түзүлгөндөн тартып 80 жылдык тарыхта уникалдуу салттарын түздү жана инновациялык режимде иштөөнү улантууда. Англис тилин үйрөнүүдө терең, ар тараптуу мамиле кылуу аркылуу мектептин окуучулары түзүлгөн маданият аралык жана коммуникативдүү компетенциясы менен англис тилин билишет.

Ушул жылдары турмушка жолдомону миңдеген окуучулар алышты, алардын ичинде көптөгөн татыктуу адамдар бар. Ал өсүп келе жаткан муун үчүн эмгеги сиӊирген, таланты ушуга чейин үлгү болуп келген белгилүү инсандардын бир нече муунун өстүрдү.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева окуучулар жана мугалимдер менен мектеп кубанычын теӊ бөлүшүүгө келди.

“Мектептин юбилейлик мааракеси — бул педагогикалык жамаат жана окуучулар үчүн гана эмес, ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөр үчүн да анын тарыхындагы олуттуу учур. Коом кандай болуп өзгөрбөсүн, сиздердин мектептин бедели дайыма бийиктикте болот, анткени ушул жылдары мектеп өзүнүн уникалдуу салттарын сактоо менен бирге инновациялык режимде иштөөнү улантууда. Ошентип, мектеп мезгил талабына жооп берип, чыныгы адамдарды тарбиялап жатат. Бул чоң урмат-сыйга татыктуу” — деди Бишкек шаардык кеңештин депутаты.

Мектепти куттуктоого шаардык кеңештин депутаты Валентина Лисниченко, Ленин районунун акими Нурдин Тынаев, ата-энелер жана башкалар да кошулушту.

№13 мектеп-гимназиянын бир топ мугалимдери Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына татыктуу болушту.