Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кенештин төрагасы Жаныбек Абиров, анын орун басары Русланбек Жакышов жана Бишкек шаардык кенештин депутаттары Жумабек Салымбеков, Асылбек Кадралиев, Эмил Сыдыков жана Айжигит Апсатар уулу Ош шаардык кеӊештин аппараты менен таанышышты.

Эки тараптуу жолугушуу алкагында тажрыйба алмашуу боюнча талкуулашты. Андан соӊ эки шаардын өкүлдөрү бири-бирине эстелике белектерин беришти.
Ошондой эле ОШК менен бирге БШКнын өкүлдөрү А.Момунов атындагы футбол академиясына барышты.
2012-жылы Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы (КРФФ) Эл аралык Футбол Федерациясына (ФИФА) Кыргыз Республикасында футбол академиясын куруу долбоору менен кайрылышкан. Бул кайрылуунун инициатору Бишкек шаардык кенештин депутаты Асылбек Кадралиев болгон.
ФИФА 1 млн доллар каражат бөлгөн соӊ, Оштун мэриясы 25 жылга 3,3 га жер тилкесин бөлүп берген.
Куруу иштери 2016-жылдын августунда башталып, 2017-жылдын 12-октябрында «А.Момунов» атында футбол академиясынын ачылышы Ош шаарында болду.
Футбол академиясында 14-15 жаштагы 400 бала тарбия алат. Анын ичинде Ош шаарынан, ошондой эле Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарпынан келген өзгөчө таланты бар 55 бала бюджеттик бөлүмдө окушат.
Футболду окутуп, машыктыруу процессин 12 тренер алып барат, анын ичинде Бразилиядан келген Соорас Карлос жана Оливера Хаддсон.
«Балдар академиялык деӊгээлде окуп жаткан соӊ, акыл-эсти өстүрүүгө канча көӊүл бурулса, дене тарбияга да ошончо көӊүл бурулушу абзел. Футбол Кыргызстанда өнүгүшү керек, жана бул багытта бийик көрсөткүчтөргө жетебиз деп биз ишенебиз» — деп белгилей кетти, БШК төрагасы Жаныбек Абиров.