Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Арсен Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында борбордун маданият кызматкерлерин куттукташты.

Майрамдык иш-чаранын алкагында бул чөйрөнүн эң мыкты кызматкерлери Бишкек шаардык кеңештин сыйлыктарына татыктуу болушту.

Депутаттык корпустун атынан борбордун маданият кызматкерлерин Адиса Имангазиева куттуктады.

Өз сөзүндө шаардык кеңештин депутаты бул кесиптин ээлеринин талыкпаган чыгармачылыгын, алардын талантын жана чеберчилигин, эң башкысы тандап алган кесипке берилгендигин белгиледи.

«Силердин талыкпаган эмгегиңердин жана идеяңардын натыйжасында, Бишкек кызыктуу жашоону өткөрүп жатат. Шаарда өткөрүлүп жаткан майрамдар, сынактар, фестивалдар адатка айланган салт болуп калды жана балдардын, жаштардын жана улуу муундагы адамдардын арасында популярдуу болуп турат» — деп айтты депутат.

Иш-чара театрлаштырылган көрсөтүү менен аяктады.