Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жыл сайын 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов Бишкек шаарынын Ленин районунун ИИБсынын кызматкерлерин куттуктап, “Милиция — коомдо тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздаган мамлекеттик бийликтин негизги түзүмдөрүнүн бири. Силердин иш дайыма кесиптик жана жеке сапаттарды талап кылат, бул абдан жоопкерчиликтүү жана көптөгөн тобокелдиктер жана кыйынчылыктар менен байланышкан. Милициянын эң мыкты кызматкерлери ар-намысты бекем коргошуп, кызматтык милдетти так аткарышты.” — деп белгиледи.

Мындан тышкары, кесиптик майрамга карата укук коргоо органдарынын айырмаланган кызматкерлери шаардык кеңештин сыйлыктары менен белгиленишти.