Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Борбордун ИИББсында Кыргыз Республикасынын милициясынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого карата иш-чара болду.

Кыргызстандын ичик иштер органдарынын кызматкерлери 1-ноябрда кесиптик майрамын белгилешти. Ушул жылы кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнөн тартып 94 жыл болду.

Салтанаттуу иш-чара кызматтык милдетин аткарууда каза болгон ички иштер кызматкерлерине мемориалдын алдына гүл коюу жөрөлгөсү менен башталды. Каза болгондорду эскерүү мүнөттү болду.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров ички иштер органдарынын кызматкерлерин бул маанилүү күн менен куттуктады.

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине кайрылуу менен Жаныбек Абиров милицияда иштөө дайыма өз жанын тобокелдикке салуу менен байланыштуу экендигин белгиледи.

«Сиздердин оор, жоопкерчиликтүү жана ардактуу кызматыңар укук тартибин коргоого, социалдык стабилдүүлүктү, элдердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоого арналган. Сиздерде кызматыӊар үчүн чоӊ рахмат!» — деди БШК төрагасы.

Кажыбаган эмгек, жарандардын коопсуздугу жөнүндө кам көргөндүгү жана мамлекетке кызмат өтөгөндүгү үчүн ИИББнын тогуз кызматкери Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамотасына, Бишкек шаардык кеңештин күмүш төш белгиси менен бир кызматкер, “Патриот” белгиси менен бир кызматкер, жана “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен эс алуудагы милициянын полковниги татыктуу болушту.

Мыйзам сактоочуларга сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңештин төрагасы тапшырды.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чарада милициянын ардагерлери, Шаардык кеңештин депутаты Адиса Имангазиева, мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Тулобаев жана башкалар катышты.