Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары — Русланбек Жакышов борбордун Ленин районунда болуп, “Чон-Арык”, “Киргизия” айылдарынын жана “Арча-Бешик” конушунун жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бир топ социалдык маселелерди талкуулашты. Бүгүнкү күнгө актуалдуу маселелердин бири — бул жол ремонту жана тышкы жарыктандыруу.
Жерине баруу мэриянын тийиштүү кызматтарынын жана Ленин районунун башчысы Нурдин Тынаевдин катышуусу менен болду.
Жеринде Ленин районунун жашоочуларынын көйгөйүн талдап чыгып, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары — Русланбек Жакышов борбордук муниципалитеттин кызматтарына бул маселени карап чыгуу жана мүмкүнчүлүккө карата аларды чечүү тапшырмасын берди.