Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 30-октябрда Ибраимов көчөсүндө гүлбакча ачылды. Бузулган курулуштун ордуна гулбакча уюштурулду.

Мурда  бул жер жеке клиниканын үч кабаттуу имаратын курууну пландаган  жеке жактардан сотто утуп алынган.

Гүлбакчанын ачылышына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, депутаттар Адиса Имангазиева жана Асылбек Кадралиев, Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков жана коомчулук катышты.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров бул гүлбакча бишкектиктер жана борбордун коноктору үчүн убакытты жакшы өткөрсө боло турган эс алуучу жер болооруна ишенеээрин айтты.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жергиликтүү тургундарды жер участокту алууга жардам бергендиги, активдүү жарандык позициясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле акимге гүлбакчага көрмөкамереларды орнотуу маселесин иштеп чыгууну сунуштады.