Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев Биринчи май районунун жашоочуларынын кайрылуусу боюнча Профсоюз, Кайназаров, Волков жана Мессарош көчөлөрүндөгү иштердин жүрүшүн барып текшерди.

Көчмө жыйынга борбордук муниципалитеттин тийиштүү кызматтары жана бул райондун жергиликтүү жашоочулары катышты.

Профсоюз-Кайназаров көчөлөрүнүн кесилишинде мурда баш-аламан таштанды болгон. Убакыт өткөн сайын таштанды ташталган жай өсүп жайыла берди.

Шаардык кеңештин депутаты Канатбек Музуралиевдин демилгеси боюнча баш-аламан таштандыны ликвидациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Эми депутаттын планында ушул жерге спорт жана балдар аянтчасын куруу, ошондой эле бул райондун эс алуусу үчүн кичнекей гүлбакча — жашыл аралча уюштуруу. Ушул иштерди аткарууга шаардык бюджеттен 2 млн. сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, Профсоюз көчөсүн көрктөндүрүү боюнча иштер башталат. Азыркы убакта жолдун четтери курулуш үчүн майлуу тилке болуп саналат. Муниципалдык аймактарды сактоо максатында бак-дарак отургузуу жана ошону менен аллея түзүү пландалып жатат.

Кыдыруунун жүрүшүндө Канатбек Музуралиев тийиштүү кызматтарга Мессарош көчөсүнөн Кайназаров көчөсүнө чейинки Волков көчөсүндө ремонт иштерин жакынкы убакта аяктоо тапшырмасын берди. Профсоюзная-Мессарош көчөлөрүндөгү участокко тиешелүү эки жылдан бери жол ремонтун көтөрмөчү бүтүрбөй жаткандыктан, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасына үстүбүздөгү жылдын ноябрь айынын аягына чейин бул участокту аяктоо, ал эми көтөрмөчүнү “кара тизмеге” киргизүүнү тапшырды.