Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаарында баштапкы медициналык-санитардык жардамды оптимизациялоо маселеси талкууланган тегерек стол болду.

Дискуссиялык аянтча Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын, мэриянын өкүлдөрүн, борбордун медициналык коомчулугун жана эксперттерди бирге чогулта алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттык сактоонун баштапкы звеносун оптимизациялоо маселеси, бул реформанын алымча жана кошумчасы ар тараптуу талкууланды.

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев  баштапкы звенону оптимизациялоо бет ачарын көрсөтүп, реформалоонун негизги  учурларына токтолду.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектин төрт райондук БҮБМБсын түзүп, үй-бүлөлүк медициналык борборлорун бириктирүүнү чечишти. Алар административдик борборлор, башкаруучу филиалдар болуп калышат. Ушул жаңылыкка ылайык тендерлер борборлоштурулуп өткөрүлүп, коррупциялык түзүлүштү төмөндөтүүгө мүмкүндүк болот. Мындан тышкары, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө жана ашырылган штаттарды кыскартуу пландалып жатат.

“Оптимизациялоонун негизги лейтмотиви — бул азыркыга караганда кызматтар жана сапат жогору болушу керек” — деп эсептейт министр Космосбек Чолпонбаев. Өлкөнүн башкы врачынын пикири боюнча баштапкы деңгээлдеги оптимизациялоо керек жана максаттуу.

Бирок, бул пикирди катышып отургандардын бардыгы эле колдой берген жок. Кыргызстандын профсоюзунун БКсынын социалдык-экономикалык саясат боюнча бөлүм башчысы — Айгүл Баялиева  бул оптимизация ойлонулбагандыгын жана эсептелинбегендигин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө капаланткан  абал түзүлгөн, Ош шаарын мисалга келтирди. Анын пикири боюнча баштапкы звенону бириктирүү бул филиалдарды калдык принцип боюнча каржылоого алып келээрине токтолду.

Тегерек столдун  катышуучуларынын сүйлөгөн сөздөрүн жыйынтыктоо менен, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров төмөнкүлөрдү белгиледи: “Ар бир реформа кыйынчылык менен өтөт. Биринчи кезекте, саламаттык сактоонун баштапкы звеносу калктын 80%ын тейлегендиктен, биз көрсөтүүлүүчү медициналык кызматтардын сапатын жакшыртуубуз керек. Бишкекте миллиондон ашык калкка болгону 19 ҮБМБ бар. Биз чоң кезек күтүүлөргө, персоналдын көңүл коштугуна көптөгөн даттанууларды жана жемелерди угуп келебиз. Социалдык сектордун өнүгүүсүнө чоң каражат чыгымдалып жаткандыгы боюнча ойлонуубуз керек. Ошону менен бирге, кызматтарга нааразы болгондордун саны өсүп жатат.”

Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бишкек шаарында баштапкы медициналык-санитардык жардамды оптимизациялоо боюнча ведомство аралык жумушчу топко шаардык кеңештин депутаттарын киргизүү сунушун киргизди.

Бул сунушту Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да колдоду.