Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын  статс-катчысы Данияр Бакчиев, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин орун басары Максатбек Есеналиев катышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2009-жылы түзүлгөн. Кызмат түзүлгөн күндөн тартып ведомстводо бир топ өзгөрүүлөр жана реформалар болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров өз сөзүндө белгилеп кетти.

Кызматтын ар бир бөлүмү өлкөнүн калкы менен түздөн-түз байланышып иштегендиктен, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өмүр бою кызматтарды алышкандыктан, мамлекеттик тутумда МККнын ролу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып өттү.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы өз сөзүнүн аягында МККнын ардагерлеринжана кызматкерлерин куттуктап, аларга чың ден соолук, иштериндеги мындан аркы ийгиликтерди каалады.