Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнүн майрамдоонун алдында борбордун үй комитеттеринин, кварталдык комитеттеринин башчыларын жана активдүү жарандарын сыйлады.

Сыйлоо аземи жылуу жана жарык маанайда өттү. БШКнын төрагасы, шаардык кеңештин депутаттары Лев Васильев, Асылбек Акылбеков, Адиса Имангазиева жана чакырылган коноктор шаардык инфраструктуранын маселелери жана өнүгүү жолдорун талкууга алышты. Өзүнүн куттуктоо сөзүндө төрага: “жергиликтүү жамаат ар кандай демократиялык коомдун өзөгүн түзөт. Бул жарандардын жана мамлекеттин ортосундагы байланыштыруучу звено болгон, калкка эң жакын бийликтин деңгээли. Сиздердин квалификацияңыздардан жана тажрыйбаңыздардан, эл менен иштөө ыкмаңыздар менен биздин жарандардын жашоосу байланыштуу. Сиздердин кесип эӊ жогорку жоопкерчиликти жана максималдуу берилгендикти гана талап кылбастан, коомдук жашоонун ар кандай жаатындагы билимди, тажрыйбаны, акылмандыкты жана чыдамкайлыкты талап кылат. Тактап айтканда шаардык деңгээлде шаардыктардын турмуштук негизги маселелери чечилет” - деп Жаныбек Абиров баса белгилей кетти. 
Иш-чара сыйлоо азем менен жыйынтыкталды.