Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров №72-орто мектебинин география мугалими Айгүл Каракойчиеваны профессионалдуулугу жана ак эмгеги үчүн БШкнын ардак грамотасы менен сыйлады.

Мектептин жалпы жамааты Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык катына арзыды. Катты аталган мектептин мүдүрү Дамира Назаркуловага тапшырышты.

Соңунда Жаныбек Абиров жаш муундун потенциалын өнүктүрүүдө мугалимдердин маанилүүлүгүн жана салымын белгилеп, жөнөкөй эмес мугалимдик кесипте ийгиликтерди дагы да каалап өттү.