Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, Бишкек шаардык кеңешинде Грузияда өткөн Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасынын жеңичүүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, орун басары Русланбек Жакышов,

депутаттар: Адиса Имангазиева, Сайдакмат Исмаилов жана Базарбек Абдраев катышты.

Олимпиаданын жеңичүүлөрүн БШКнын ардак грамоталары жана баалуу белектер менен сыйлашты. КРнын шахмат федерациясынын тренери күмүш белгиге арзыды.

Баса белгилей кетсек, Дүйнөлүк Олимпиадага жер жүзүнүн күчтүү - күчтүү шахматчылары катышкан. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар.

Азия оюндарында 10 км алыстык ​​үчүн болгон жарышта алтын медалга ээ болгон Дарья Маслова дагы сыйлык ээлеринин катарында.