Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Көчмө жыйынга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов, депутаттар Асылбек Кадралиев, Адиса Имангазиева, Базарбек Абдраев жана Асылбек Акылбеков, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана “Бишкекжылуулуктармагы”ААК коммуналдык ишканасынын жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары С. Чокморов көчөсүндө жайгашкан тармактардын реконструкциясы боюнча учурда жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышышты. Бул иштерди толук бойдон аяктоо үстүдөгү жылдын 16-октябрына пландалууда.

“Бишкекжылуулуктармагы”ААКсынын начальниги Эркин Абдыкалыков депутаттарга жалпы узундугу 1340 метрди түзгөн 4 объект боюнча жылуулук тармактарынын магистралдык участокторунун реконструкциясы жөнүндө маалымат берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө депутаттар “Гагарин” жана “Ботсад” отканаларында болуп, ишканалардын иши менен таанышышты. Аталган отканаларда модернизация боюнча иштер аткарылып, жыйынтыгында газмазуттук отказан агрегаттары орнотулган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары турак жай-коммуналдык чарба маселелерин тейлөөчу вице-мэр Рыспек Сарпашевге жана “Бишкекжылуулуктармагы”ААК коммуналдык ишканасынын жана “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасынын жетекчилерине борбор калаада от жагуу мезгилинин башталышына чейин бардык оңдоо иштерин аяктап, жылуулук берүүнүн альтернативдүү түрлөрүнө өтүү маселесин иштеп чыгууну жана жарандардын даттанууларына жана кайрылууларына өз убагында таасир этип, жооп берүүнү тапшырышты.