Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү Алмазбек Уланов жана Наргиза Жолдошбаева Саламаттык сактоо тутумун башкаруу боюнча шаардык Координациялык кеңештин жана Социалдык маанилүү жана өтө жугуштуу оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин ишине катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды: “Билим берүү уюмдарында жана социалдык объекттерде болуу жана тамактанууну уюштуруу шарттары жөнүндө”, “2018-жылдын 8 айында кутурма оорусу менен адамдардын оорусун алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө”, “2018-жылдын 8 айында кызылча жана көк жөтөл оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө” жана “Бишкек шаарынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык жайлуулугу жөнүндө”.

Борбордун МСЭКБсынын маалыматына ылайык бүгүнкү күнгө бир топ көйгөйлөр бар: саламаттык сактоо объекттеринин имараттарынын капиталдык ремонтун төмөн каржылоо, дезкармералардын жоктугу жана ооруканалардагы кир жуучу жайлардын начар абалы.

Мындан тышкары, мектепке чейинки уюмдардагы тамактануунун суткалык нормасы белгиленген тартипте сакталбайт.

Жыйында медициналык таштандыларды утилизациялоо боюнча борборду түзүү зарылчылыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү.

Ошондой эле талкуунуун жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары саламаттык сактоо объекттеринин муниципалдык мүлктөрүнүн сакталышы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнүн зарылчылыгын жана маанилүүлүгүн белгилешти. Ошону менен Саламаттык сактоо системасын камсыздоо башкармалыгынын контролдоо боюнча чабал ишин белгилешти. Координациялык кеңештин мүчөсү, депутат А. Уланов медициналык мекемелерди капиталдык ремонттон өткөрүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин талкуулоонун жыйынтыгы боюнча СССКМнын жетекчиси Л. Мухамедшинанын бул багыттагы жеткиликтүү эмес ишин белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигинен саламаттыкты сактоо объекттерин капиталдык ремонттон өткөрүүгө борбор калаа бюджетинде каралган каражатты пайдалануу маселесин 2018-жылдын 5-октябрына карата талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн ээлеген орду боюнча маселени кароону суранды.