Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарынын №61 автордук физикалык-математикалык мектеби өзүнүн 55 жылдык мааракесин белгиледи. Салтанаттуу ишчара “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өттү.

Мектептин педагогикалык жамаатын, окуучуларды жана алардын ата-энелерин майрамдары менен Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров куттуктады. Төрага №61 автордук физикалык-математикалык мектебинин окуучулары Бишкек шаарынын гана эмес, бүтүндөй республиканын атагын чыгарып жаткандыгын, ал – билим берүү деңгээлинин жогорку сапаты, жаңы ыкмалардын жана иштөө формаларынын колдонулушу, педагогдорду тандоодогу өзгөчө талаптардын аркасында жетишилип жаткандыгын белгиледи.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн аталган мектептин бир катар педагогдоруна Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталары тапшырылды.

Салтанаттуу ишчарага көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмерлер, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, республиканын билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, мектептин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энелер катышты.