Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жеке кабыл алуунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана спикердин орун басары Русланбек Жакышов борбор калаанын Ленин районунун «Ак-Өргө” конушунда эс алуу зонасын уюштуруу маселеси боюнча көчмө жыйын өткөрүштү.

Жыйындын жүрүшүндө шаар кеңешинин спикери муниципалитеттин кызматтарынын жетекчилери жана шаар тургундары менен бак-дарак отургузулган, балдар ойноочу аянтчасы бар, ирригациялык системасы курулган эс алуу зонасын уюштуруу долбоорун талкуулады.

Өз конушун абаттоо боюнча тургундардын демилгеси Бишкек шаардык кеңештин төрагасы тарабынан колдоого алынды, себеби бул – жаңы конуштун аянтындагы балдар жана чоңдор үчүн уюштурулган биринчи эс алуу жайы болмокчу. Аталган маселе депутаттык корпус тарабынан контролго алынды.