Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары - Русланбек Жакышовдун демилгеси боюнча борбордун Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунун “Тулпарташ, Жазира, Кереге-Тоо көчөлөрүнө 90 чырак орнотулду. 

Жолдордун жана көчөлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, конуштун жашоочулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, тышкы жарыктандыруу орнотуу чечими депутат тарабынан конуштун жашоочулары менен болгон жолугушууда кабыл алынган.