Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Даниярбек Иманалиев жана Сиябек Макеновдун демилгеси боюнча жана борбордун Октябрь райондук администрациясы менен биргеликте Бишкек шаарынын 12-кичирайонунда жайгашкан участокту абаттоо иштери жүргүзүлүүдө.

Иштер жайдын башында башталып, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягында бүтүрүлүүсү пландалууда.

25 сотка аянтты түзгөн жер тилкеси борбордун тургундары жана меймандарынын эс алуучу зонасы үчүн абатталууда. Скверге балдар аянтчасы жана тренажерлор орнотулат, бак-дарактар отургузулат, отургучтар жана таштанды салуучу урналар орнотулат. Эс алуу зонасы корулуп, жарыктандырылмакчы.