Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Оберег” реабилитациялык борбору өзүнүн 15 жылдыгын белгиледи. Аталган уюмдун ишмердүүлүгү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө жана коррекциялык жардам көрсөтүүгө багытталган.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров маараке ээлерин куттуктап, 20000 сом суммасына сертификат тапшырды.

Борбордун тарбиялануучуларына жана педагогдоруна арналган кайрылуусунда: “Сиздер өз камкордугуңуздар жана мээримиңиздер менен “Оберегдин” тарбиялануучуларына коомдо социалдык жактан калыптанууга жардам берет. Борбор балдарга берген жардамы менен чектелип калбай, ата-энелерин да өз проблемалары менен жалгыз таштабай, балдарын кароо боюнча тиешелүү көндүмдөрдү өздөштүрүүгө көмөктөшөт.

Мен бардык педагогдорго жана ата-энелерге балдарга жардам берүүдө аткарып жаткан чоң ишиңиздер үчүн, чыдамкайлыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Чын дилден көрүп жаткан камкордугуңуздар менен сиздер алардын жашоосуна бакыт жана кубаныч тартуулап жатасыздар. Бул канчалык татаал нерсе экенин көрүп-билген адам гана туя алат болуу керек,”-деди төрага.