Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкек троллейбус башкармалыгында Бишкек шаардык кеңештин спикери Жаныбек Абиров жана борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун катышуусу менен жаңы троллейбустардын ишке киргизилишине арналган салтанат өттү.

Сөз алып сүйлөгөндөр башкармалыктын жамаатын көптөн күткөн троллейбус паркынын жаңыланышы менен куттуктап, жаңы электротранспорттун ыңгайлуулугун жана заманбап жасалгандыгын белгилешти.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров бул кадамды жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык транспортту жаңыртуу боюнча чоң иштин башталышы катары эсептээрин билдирди.

“Тургундарын транспорт менен камсыздоо жана аларды ташуунун сапатын жакшыртуу үчүн шаар жаңы ыкмаларды издөөдө. Муниципалдык парктын санын толуктоо менен шаардын борборунда маршруттук таксилердин санын жана жол тыгындарын кыскартуу пландалууда. Биз үчүн эң негизги болуп сапат менен ыңгайлуулукту жогорулатуу эле эмес, маселенин экологиялык жагы да маанилүү, ал эми троллейбус – бул транспорттун экологиялык таза түрү”- деди төрага.

Учурда борбордун көчөлөрүндө 42 жаңы троллейбус жүргүнчүлөрдү ташууда, калган ону эксплуатацияга киргизилүүдө. 52 сандагы жаңы троллейбустардын партиясы Россияда жана Беларуста чыгарылган. Алардын 37 троллейбусу – орто полдуу, ал эми 15и – жапыз полдуу.

Ишчарага Борбор Азия боюнча ПӨЕБнын директору Нилл Маккейн, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Крутько, Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко жана башкармалыктын кызматкерлери катышты.