Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Туруктуу комиссия Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгынын жана  шаардык мэриянын тийиштүү кызматтарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Отурум туруктуу комиссиянын төрагасы Темирлан Токтобековдун төрагалыгынын алдында, комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен өттү.

Комиссиянын мүчөлөрү Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы тууралуу күн тартибинин төмөнкү төрт маселесин карады: “2018-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жөнүндө”, “Бишкек шаарындагы жыйымдарды, автотоктотмолорду жана туруктарды башкаруу тартиби жөнүндө”,  “Борбордун жергиликтүү бюджетинин кирешелер башкармалыгынын иши жөнүндө” жана “2017-жылга Бишкек шаарынын башкы финансылык документинин аткарылышынын отчетун бекитүү жөнүндө”.

Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана  тийиштүү кызматтарга ар кандай тапшырмалар берилди.