Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Шаардык кеңештердин депутаттарынын арасында өткөн кичи футбол боюнча турнир аяктады. Жыл сайын уюштурулуучу мелдеш бул ирет Кара-Көл шаарында өткөрүлдү.

Турнирге Кыргызстандын шаарларынан келген 21 команда катышты.

Бишкек шаардык кеңештин командасынын курамында төраганын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков,  депутаттар Русланбек Жакышов, Базарбек Абдраев, Жаныбек Абиров жана Абсатар уулу Айжигит ойношту.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткарып жаткан Эмил Сыдыков саламдашуу сөзүндө: “Футбол коомчулукка ишеним менен духту чыңдоо, өнүгүү, биримдикти бекемдөө сыяктуу жакшы нерселерге тарбиялоосу менен пайдалуу. Мындан тышкары калыстыкта өткөн жакшы оюн жергиликтүү кеңештердин өз ара кызматташтыгын андан ары ширетет деп белгилеп кетким келет”-деди жана бардык командаларга ийгилик каалады.