Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 Бул көчө - Садыгалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки Лев Толстой көчөсү. 

Жол-монтаждык иштер “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун I фазасынын алкагында жүргүзүлдү. Участоктун узундугу - 1 километр 280 метр, туурасы – 15 метр. Жол иштери төрт жарым айга созулду. Жолдун бул участогунда жаңы жол катмары төшөлүп, бордюрлар, тротуарлар коюлду, кошумча коммуникацияларөткөрүлдү, жол белгилери салынды жана ирригациялык тармак калыбына келтирилди.

“Жакшы жол – бул  биринчи кезекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт агымдарын кайра бөлүштүрүү, ошондой эле удаалаш трассалардын жүгүн азайтуу. Жаңы жол - жол кыймылын жакшы жөнгө саларына ишенем жана авто ээлери убакыттарын үнөмдөп, жолго кеткен убакыттарын кыскартышат” – деди Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Эмил Сыдыков.

Мурда Лев Толстой көчөсү туюк көчө болуп, жолдун узундугу 9 км болгон. Ал батыш жана чыгыш тарапка 6 километрге узартылгандан кийин узундугу- 15 километрге жетти.  Лев Толстой көчөсүнүн бардык иштери аяктагандан кийин Чүй проспекти, Ден-Сяопин, Гагарин жана башка удаалаш көчөлөрдө жүктү азайтат.