Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 3-июлунда  жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери аталган кызматтын түзүлгөндүгүнүн 82-жылдыгын белгилешти. Салтанатка Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана төраганын орун басары Эмил Сыдыков катышышты.

Майрамдык ишчаранын катышуучуларына кайрылып, шаардык кеңештин спикери жол коопсуздугунун сакчыларынын ишинин маанисин төмөнкүчө белгиледи: “Сиздер күн сайын, саат сайын жана мүнөт сайын мамлекеттик эң маанилүү болгон  – жол коопсуздугун камсыздоо маселесин аткарып келесиздер. Сиздер жол кырсыктарын болтурбоого багытталган иштерди аткарып, жолдо оор абалга учурагандарга биринчилерден болуп жардамга келип, жогорку кесипкөйлүктү көрсөтүүдөсүздөр.”

Алмаз Кененбаев аларга жасап жаткан эмгектери үчүн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик, бекем ден-соолук каалады.

Кызматын мыкты аткарган кызматкерлер Бишкек шаардык кеңештин сыйлдыктары менен белгиленди.