Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 27-июнунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев борбор калаанын саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Тараптар медицина чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана алдыдагы иштердин пландарын талкуулашты. Бишкек шаарынын саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери белгилегендей, борбор калаада бүгүнкү күндө татаал проблемалар көп, аларды чечүүдө системалык жана бирдиктүү мамиле керек.

Борбор калаа парламентинин спикери Алмаз Кененбаев жолугушуунун катышуучуларын угуп, маселе боюнча өз пикирин билдирди. Ошону менен бирге, өнүккөн жогорку технологиялуу шаарлар болгон Сеул жана Пекин менен Бишкек шаардык кеңештин эки тараптуу мамилелери бар экендигин айтты. Бишкек жана Пекин шаарларынын өкүлчүлүк бийлик органдарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Протокол 2018-жылдын 22-июнунда Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушунун Бишкекке болгон расмий сапарынын жүрүшүндө кол коюлгандыгын кошумчалап кетүү зарыл. Аталган документтин алкагында медицина чөйрөсүндөгү дагы кызматташуу каралган. Кол коюлган Протоколдун негизинде алдыңкы технологиялуу шаарлардын медицина жаатында тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүндүгү түзүлгөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Алмаз Кененбаев, саламаттык сактоонун өкүлдөрү ушул багытта сунуштарын бере алышаарын, ал сунуштар иштелип чыгып, шаардын кызыкчылыгында ишке ашырыла тургандыгын кошумчалады.