Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн, 2018-жылдын 22-июнунда Бишкек шаардык кеңеш жана Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушунун (Кытай Эл Республикасы) ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттешүү жөнүндө протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Протокол 2002-жылдын 24-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жакын коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимге таянуу менен, өз ара түшүнүшүү жана достукту тереңдетүү, ошондой эле байланыштарды бекемдөө жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Кол коюлган документке ылайык, тараптар Бишкек жана Пекин шаарларынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө жардам көрсөтүү, тең укуктуулук жана  паритеттик принциптердин  негизинде, билим берүү, жергиликтүү администрацияларды башкаруу, маданият, дене тарбия, санитария, туризм, экологиялык илим, техника жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну илгерилетүүгө, ошондой эле мыйзам чыгаруу ишмердигинде тажрыйба алмашуу күтүлөт.

Бишкек шааардык кеңеш тараптан Протоколго Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушу тараптан Пекин шаарынын эл өкүлдөр чогулушунун төрагасынын орун басары Чжан Цин кол коюшту.

Бишкек шаардык кеңеш башка мамлекеттердин жергиликтүү бийлик органдары менен мамиле түзүү боюнча активдүү иш алып барып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл. Бишкек шаардык кеңеш кызматташтык жөнүндө кол коюлган документтер менен бекемделген Москва шаардык Думасы, Сеул шаардык парламенти, ошондой эле  Эль-Кувейт, Поханг, Сиань,  Уфа, Астана жана Грозный шаарлары менен эки тараптуу мамилелерди түзүүгө жетишкен.