Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, орун басары Эмил Сыдыков жана “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев борбор калаанын Ю. Фучик атындагы сейилбагын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Ленин районунун башчысынын орун басары Аскат Карынбаевдин айтуусу боюнча учурда бир катар иштер аткарылып, сейилбактын реконструкциясы 60%га  аяктаган. 

Бүгүнкү күндө эс алуу зонасында жарыктандыруунун эски түркүктөрү алынып салынып, заманбап жаңы светодиоддук үнөмдүү прожекторлору менен 87 түркүк орнотулган.  Жер астындагы жаңы кабелдер төшөлгөн, 11 интернет түйүнү жана 22 видеобайкоо камералары жайгаштырылган. 45 отургуч жана 90 таштанды урнасы даярдалган. Сейилбактын аймагында канализация жана суу түтүктөрү салынып, 9 элементтен турган воркаут комплекси орнотулган.

Тротуар жана аллеяларды асфальт менен жабуу иши толук кандуу жүрүп жатат. Жалпысынан алганда жабуунун узундугу 3,5 километрди түзөт. Ошону менен бирге ирригациялык лотоктор жана тротуардык бордюрлар орнотулууда. Куураган бак-дарактарды  жана алардын кургап калган бутактарын кыркуу иштери жүргүзүлүүдө.

Борбордун Ленин районунда тургундардын массалык эс алуусу үчүн жакшы шарттарды түзүү, бак-дарактарды сактоо жана көбөйтүү максатында 2017-жылы Ю. Фучик атындагы сейилбагын реконструкциялоого шаардык бюджеттен 30 млн. сом бөлүнгөн.

Иштер 2017-жылдын ноябрь айында башталган. Кышка байланыштуу иштер токтотулуп, үстүдөгү жылдын март айында кайра улантылган. Белгиленген иштерди ушул жылдын июнь айынын аягына чейин аяктоо пландалууда.

Сейилбак 1938-жылы түзүлүп, 1957-жылы  ага  чехословакия элинин баатыры Юлус Фучиктин наамы ыйгарылган.