Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Атап айтканда,  борбор калаа кеңешинин төрагасы Канатбек Музуралиев Профсоюзная көчөсүндө болду. Жолдун узундугу – 3400 метр, асфальттын туурасы – 10,5 метр жана тротуарлар менен ирригациялык тутумдар бар. Арык тутуму боюнча Канатбек Музуралиев айрым бузууларды белгилеп өттү. “Курулушта технологияны эске алып, иштин сапатына көнүл бөлүш керек. Ооба, жумуштар кытай грантынын эсебинен жүргүзүлүп жатат, бирок биз курулуш компанияларынан сапаттуу жолдорду талап кылышыбыз керек”-дейт төрага.

Профсоюзная көчөсүндөгү жаңы жолду куруу иштери аяктоочу фазага келип калды. Иш былтыркы жылдын октябрь айында башталып, 2017-жылдын октябрында аяктоо пландалууда. Түндүк магистралы аталган жаңы жол Дэн Сяопин проспектиндеги жол тыгындарынан жеңилдетмекчи.

Борбор калаадагы жол куруу иштерин инспекциялоонун жүрүшүндө Кустанай көчөсүндөгү жол иштеринин кечеңдешинин себептери билинди.

БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиевдин айтуусу боюнча, көчө Чүй облусунун Сокулук  району менен чектеш жана айрым үй ээлери өз территориясынын чегинен чыгып кетишкен.  “Бишкек тараптан мамлекеттик акт боюнча маселе жараткан үч үй калды, калган үйлөр боюнча маселе чечилди. Сокулук районунун жашоочуларынын короо тосмолору эле көйгөй жаратууда”-деди төрага.

Бишкек шаарынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Иманакун уулу Талант бул участокто 18 үй ээси менен Сокулук районунун  адистери сүйлөшүү жүргүзүп жаткандыгын, маселе азырынчы чечиле электигин билдирди.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевдин сөзү боюнча участоктор менен иштөөгө туура келип жатат. “Эгер болгон шартта иштесек, анда тротуарлар жолдун айрым гана участокторунда болот, себеби алардын арасында короолордун тосмолору жайгашкан”-дейт ал.

Дэн Сяопин проспектин бойлото ишкерлер муниципалдык жерлерде капиталдык курулуштарды тургузуп жатышат.

Дэн Сяопин проспектин бойлото Фучик көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейин 68 бизнес объекти жайгашкан.  Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиевдин Дэн Сяопин проспектинин тургундары менен жолугушуу учурунда белгилүү болду. Тургундар жайгашкан объекттер боюнча арызданышты.

Бишкек шаарынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Иманакун уулу Таланттын айтымында, жайгашкан 68 объекттин 10у боюнча  бузуулар анык болгон. Бизнес-объекттер өз аймагынын чегинен чыгышкан жана муниципалдык жерлерди пайдаланууда. “Бардык объекттер боюнча иш жүргүзүлүп жатат, жыл аягына чейин мэрия мыйзам бузууларды жоюуну пландоодо” – деди ЖПКБнын жетекчиси.

2008-2009-жылдарда бул объекттерге жеңил конструкцияларды курууга уруксат берилген, бирок учурда алардын көбү капиталдык курулуш тургузуп алышкан.

Мындан тышкары, шаардык кеңештин спикери №15, 49 жана 83 мектептерде болду. Бишкек шаардык кеңеш акыркы эки мектепке компьютердик класттарды жабдуу боюнча жардам берген. №15 орто мектепте чатырдын айрым жерлерин алмаштыруу пландалууда. Иштердин жалпы көлөмү 1 млн. 900 сом суммасында 1375 квадрат метр аянтты түзөт.