Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Эгемендүүлүк күнү – бул биздин өнүгүүгө өз салымыбызды кошуп, келечекке ишеним менен кадам таштап, бүтүн мамлекетте жашоону символдогон майрам.

Саясый көз карашына, динине жана улутуна карабай, бардык бишкектиктерге Бишкек шаарын жашоо үчүн коопсуз жана ыңгайлуу, ал эми Кыргызстанды өнүккөн мамлекет кылууга багытталган бир максаттын айланасына биригүүгө чакырат элем.

Терең мазмунду камтыган ушул күнү бизди Мекенге болгон терең сүйүү, адамга болгон сый-урмат жана тилектештик бириктирип турат.

Чын жүрөгүмдөн бардыгыңыздарга тынчтык, биримдик, бакубатчылык жана сүйүктүү Бишкегибиздин өнүгүүсүнө багытталган ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!