Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

“Ынтымак бакчасы” – эки жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан долбоор ушундай аталат. Долбоордун негизги максаты – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын болушунча көп тартып, аларга өз курдаштары менен алака түзүүнү, жеңе жана жеңиле билүүнү, биргелешип чечим чыгарууну үйрөтүү.

Жайкы көчмө эс алуунун демилгечилери болуп Бишкек шаардык кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Валентина Лисниченко, Эрнис Докенов жана Алмазбек Уланов менен Ленин районунун акимиаты эсептелет.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Алмазбек Улановдун сөзү боюнча: ”Ынтымак бакчасы” узак мөөнөттүк долбоор болуп уюштурулган жана келечекте масштабы кеңейип иштемекчи.

Борбордун Ленин районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнөн 1000ден ашык бала жайкы эс алуу убактысын көңүлдүү өткөрө алды. Балдардын эс-алуусун жана ден-соолугун чыңдоону уюштуруу Ала-Арча жаратылыш паркында жүзөгө ашырылды. Жайкы эс алуунун программасына мастер-класстар, концерттер, конкурстар жана спорттук мелдештер камтылган.

“Биз балдарга жайкысын ыгайлуу жана кызыктуу эс алуу шартын түзүүгө аракет жасадык. Көбүрөөк баланы камтыш үчүн биз 6 топ уюштуруп, жаратылышка алып чыктык. Жаратылыш менен болгон байланыш балага кубаныч тартуулап, чоң канааттанууну алып келет. Ал адамды сезимтал кылып, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үйрөтөт”-дейт Алмазбек Уланов.

Кампаниянын соңунда “Ынтымак бакчасы” долбоорунун бардык катышуучулары анын логотипи басылган баш кийимди белекке алышты.