Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, КСДП фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Таалайбек Сариев, «Мекеним Кыргызстан» фракциясынын лидери Улан Абдыкадыров, регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева, «Кыргызстан» фракциясынан депутат Наталья Кулматова жана  «Республика-Ата Журт» фракциясынан  депутат Темирлан Токобеков катышты.

 

Москва шаардык Думасы тараптан – МШДнын төрагасы  Алексей Шапошников, МШДнын мыйзам чыгаруу, регламент, эрежелер жана процедуралар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Татьяна Ломакина, МШДнын илим жана өнөр жай боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Александр Сметанов.

БШКнын депутаттары москвалык кесиптештерин борбор калаа парламентинин ишмердиги жана структурасы менен тааныштырышты. БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев кыргыз-орус мамилелери бир нече кылымды түзөөрүн белгилеп өттү.

“Биздин жалпы тарыхыбыздын тамыры терең. Быйыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнө 25 жыл толуптур. Бул жылдар ичинде мамлекеттерибиз эки тараптуу мамиленин өнүгүүсү жана көп кырдуу негиздеги  алакалар үчүн таасирдүү кызматташтык базасын түзө алышты. Шаардык кеңштин депутаттары борбор калаанын мэриясы менен тыгыз байланышта иштегендиги шаардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөк болот. Бүгүн биз эки жакка кызыгуу жараткан бардык маселелер боюнча шаарларыбыз аралык диалогду улантабыз деп ишенем.  Кызматташтыгыбызды мындан ары активдештирүүнүн зарылдыгын эки жак тең түшүнүүдө. Андыктан, сиздердин иш-сапарыңыздар жемиштүү болооруна шегим жок”,-деди Канатбек Музуралиев.

Москва шаардык Думасынын төрагасы  Алексей Шапошников өз кезегинде эки улуу шаардын өз ара мамилеси жаңы деңгээлде иштей баштаганын белгилеп өттү. “Бизде алмашуу багытында көп нерселер бар. Жаңы технологиялар өнүгүп жатат, анын ичинде Smart city бар. Биз чын пейлибизден тажрыйбабыз менен бөлүшүп, башкалар аны кайталабас үчүн кетирген каталарыбыз жөнүндө айтып берүүгө даярбыз”- деди  Алексей Шапошников.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жакында Москвада “Урбан-Форумда” болуп, Кыргызстан жана Россия борборлорунун ортосунда кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлгандыгын айтты.

 “Биз өзүбүздө аларга жол бербей коё ала турган каталар бар”-деп белгиледи Албек Ибраимов.

 

Бул Москва шаардык Думасынын жооп иретиндеги келүүсү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Москвада расмий иш-сапарда болуп келген. Москвалыктардын сапарынын программасы беш күнгө эсептелген.