Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

2017-жылдын 8-августунда Бишкек шаарында Россия элдеринин Ассамблеясы менен Кыргызстан элинин Ассамблеясынын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.

Кол коюу аземине  Россия элдеринин Ассамблеясынын жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын делегация мүчөлөрү катышты.

Эки тараптуу жолугушууга ардактуу конок катары Евразия элдеринин Ассамблеясынын генералдык катчысы Андрей Бельянинов чакырылган.

Макулдашуу тараптарга тажрайба алмашууга жана маданий-гуманитардык жол менен эки таратпуу кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бермекчи. Аталган документ мөөнөтсүз жана макулдашуу боюнча ага толуктоолорду киргизүүгө болот.