Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жыл сайын жайкы каникул учурунда мектеп окуучуларын Ала-Арча жаратылыш багына алып баруу уюуштурулат. Бишкек шаардык кеңештин КСДП фракциясынын депутаттарынын демилгеси менен Ленин районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 1000 бала Бишкектен алыс эмес жайгашкан жаратылыш багына бармакчы.    

Борбордун депутаттары Валентина Лисниченко, Эрнис Докенов жана Алмаз Уланов бир катар жылдар бою социалдык оор абалдагы үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар үчүн жайкы эс алуу убактысын уюштуруп келишет.

Эс алып жаткан балдар үчүн эртең мененки жана түшкү даамдуу тамак каралган. Андан тышкары аларды спорттук инструкторлор жана ар түрдүү ийримдердин жетекчилери коштойт. Жаратылышта балдар чыгармачылык менен алектенишет, ар кандай спорттук оюндар жана конкурстар уюштурулат.

Депутат Валентина Лисниченконун ою боюнча “табийгат менен байланыш балдардын психологиялык өсүшүнө таасир этип, чыгармачыл эгүүсүнө түрткү болуп, интеллектин өстүрөт. Жаратылыш – бул балдардын акыл жана эс-тутумдун өсүүсүнө ресурс алчу булак болуп эсептелет”.

Мындан тышкары уюштуруучулар жаратылышка аяр мамилени балдарга кичине кезинен эле тарбиялаш керек деп эсептешет. Таза абадагы оюндар өзүнө айлана-чөйрөнү коргоо элементтерин камтыйт.

Ала-Арча жаратылыш багына чыгуу толук 6 күнгө болжонгон. Жаратылыш багындагы эс алуу баланын конкурстарга катышып, өзүнүн көмүскөдөгү талантын жана жөндөмүн ачууга шарт түзөт