Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Борбордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы,  жогорку кесипкөйлүгү үчүн “Бишкек шаарына сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри - Эрнис Зарлыков жана Биринчи май району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы - Аскербек Алиев сыйланышты.

         Ошондой эле, “Бишкек шаарына ак ниет кызматы үчүн” медалы менен К. Молобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториянын доценти -Токтобек Асаналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын ТЖКЧ башкармалыгынын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн башкы адиси-Нурбүбү Абдрахманова жана Бишкек шаары боюнча ӨКМнын куткаруу кызматынын начальниги, подполковник -Адилбек Чаргынов сыйланышты.

         Сыйлыктарды Бишкек шаардык кеңештин төрагасы - Канатбек Музуралиев, төраганын орун басары- Валентина Лисниченко жана Бишкек шаарынын мэри - Албек Ибраимов тапшырышты.