Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

         Кесиптик майрамга карата жана  борбордун аймагында жол кыймылын тартипке келтирүүнү камсыздоодо кошкон чоң салымы үчүн  мамлекеттик автоинспекциянын беш кызматкери Бишкек шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйланды.

Мамлекеттик автоинспекциянын айырмаланган кызматкерлерин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко  куттукташты.

Шаардык кеңештин төрагасы жол-кайгуул милициянын дарегине төмөнкү ыраазычылык сөзүн айтып, алардын ишинин маанилүүлүгүн жана жоопкерчиликтүүлүгүн белгиледи: “Жыл сайын транспорт саны өсүүдө, жолдордо кыймыл көбөйүүдө. Бул жагдайда инспекторлордун иши абдан кыйын, бирок ошончолук керектүү жана жоопкерчиликтүү. Ишиңиздер дайыма  ийгиликтүү болуп, мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүсүн каалайм.”

         Өз кезегинде, Бишкек шаарынын ИИББсынын ЖКМсынын начальниги, милициянын полковниги Талантбек Барпиев мамлекеттик автоинспекциянын инспекторунун башкы милдети - жарандардын жашоосун сактоо жана жол кыймыл коопсуздук эрежелерин камсыздоо болуп саналаарын, өткөн жылга салыштырмалуу жолдордо адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар үч эсе азайгандыгын белгиледи.