Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Чын жүрөгүмдөн ыйык Рамазан айынын аякташы менен жана Орозо айтыңыздар менен куттуктайм!

Орозо айт – бул көп жакшы иштерге, кайрымдуулукка, ички тазаланууга себеп болгон мусулман үчүн мааниси чоң майрамдардын бири.

 

Орозо айт бизди боорукерликке, кең пейилдүүлүккө чакырып, элдин биримдигин чыңдайт. Балдарыбызга салттарыбызга жараша тарбия берип, ыйманын бекемдеп, улуттук баалуулуктарыбызды сактоого багыт берүү менен биз башка улуттарга болгон сый-урматты, алар менен ынтымакта жашоонун негизин түзөбүз.

 

Ушул улуу күнү бардыгыңыздарга барчылык, сабырдуулук, урмат жана ийгилик каалайм!

Айтыңыздар маарек болсун!