Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмазбек Уланов Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коомунун демилгеси менен өткөрүлгөн “Улуу муун – акыл менен тажрыйбанын булагы. Жакшыны келечек үчүн сактайлы” аттуу тегерек столдун ишине катышты.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар улгайган адамдардын көйгөйлөрүн мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен чечүүнүн, улуу муундун жашоо шарттарын жакшыртуу жана бош убактыларын маданий жактан толтуруунун тегерегинде ой бөлүшүштү.

 

Талкуунун жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик түзүмдөр жана коомдук уюмдардын бул багытта кызматташуусу таасирдүү жыйынтыктарга алып келет деген чечимге келип токтошту.

 

Иш-чаранын жыйынтыгы болуп улгайган адамдардын абалын жакшыртып, статусун жогорулатуу жана "алтын курактагыларды" өлкөнүн коомдук-социадык турмушуна тартууга багытталган  маданий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча бирдиктүү концепция түзүлдү.