Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жол кырсыгында жабыркаган эки баланын бири – борбор калаанын мектебинин окуучусу Алимбек Сыранов ооруканадан чыкты.

Өспүрүмгө эки операция жасалып, учурда ал амбулатордук дарыланууда. Ага бүгүн Бишкек шаардык кеңештин депутаты Алмаз Уланов барып, убадаланган кубик-рубик, шашки, шахмат ж.б интеллектуалдык оюндары бар планшетти белек кылды. Депутат Алимбекке чыдамкайлык, күч-кубат жана тез сакайып кетүүсүн каалады.

Алимбек Сыранов шаардын №74 орто мектебинин окуучусу. 21-апрель күнү Бакаев-Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмөктөн эки баланы Алимбек Сыранов менен Эрбол Мамажановду машина коюп кеткен. Алимбек комага түшүп калган. Эки бала тең узак убакыт бою №3 балдар ооруканасында дарыланып жатышкан эле.