Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын жүрүшүндө депутаттар Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын аткарган иши жөнүндө отчетту карашты.

Маалымат менен ШТБнын начальниги Болот Мамышев чыгып сүйлөдү. Ал буга чейин башкармалык тарабынан жасалган иштер жөнүндө жаопы маалыматты баяндады.

Учурда ШТБнын ишине көп депутаттардын нааразычылыгы бар. Статистикага ылайык, акыркы айлар ичинде микроавтобустардын катышуусу менен жол кырсыктардын саны үч эсеге өскөн. Маршруттардын кайталанышы, жолдогу микроавтобустардын кубалашуусу транспорт кыймылынын катышуучуларынын ичинде кооптуу абалды жаратып жаткандыгы белгиленди.

Депутат Эрнис Докеновдун ою боюнча башкармалык траспорттук ташуу процессин уюуштура албай жатат жана тартип бузуулар системалуулук мүнөзгө ээ болду.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев кесиптештерине №35 маршрутта иштеп жаткан “Шыдыр жол.kg” жеке компаниясы тарабынан алынып келинген 14 жаңы комфортабелдүү автобустары жөнүндө маалымат берди. Компаниянын директорунун айтуусу боюнча бул маршруттун айдоочулары учурда ардагерлерди 5 сомдон, майыптарды бекер ташууда. Бул демилге жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында шаар үчүн чоң жардам болуп эсептелет.

“Мындай инвесторлорду тияк-биякка жөнөтпөй, колдоп, аларга шарт түзүү керек. Компания үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин Бишкекке дагы 100 автобус алып келүүнү пландоодо”-деп кошумчалады төрага.

Жыйынтыгында Бишкек шаарынын регламентине ылайык, ШТБнын начальнигине ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча жабык добуш берүү жүрдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынга катышкан 40 депутаттын 39у маселеге “макул” добушун беришти, “каршы” – 1 депутат добуш берди.

Күн тартибине алынып чыккан бардык маселелер каралып бүтпөгондүгүнө байланыштуу сессиянын иши 8-июнда улантылмакчы.