Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алкагында иш-чара болуп өттү.

Анын демилгечилери болгон Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев жана борбордун парламентинин депутаты Бактыбек Абдиев балдарды куттукташты.

БШКнын төрагасы балдарга кайрылып, алардан акылдуу, ийгиликтүү жана мамлекетке чоң пайда алып келген адамдар өсүп чыгаарына ишеними чоң экендигин белгиледи.

“Биз балдарга турмуштук, маданий баалулуктарга багыт берип, таланттарын ачып, максатына жетүүгө шарт түзүшүбүз керек” – деди депутат Бактыбек Абдиев. 

Иш-чарага Биринчи май районунун аймагында жашаган мектеп жашындагы жана мектепке чейинки курактагы балдар катышты. Балдар чыгармачыл топтору уюштурган майрамдык концертке аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 400 бала катышты.