Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңеште «Бессмертный полк» акциясынын уюштуруучуларын жана катышуучуларын сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы, анын орун басары, фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, борбордун мэриясынын жана 28 уюмдун өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын катышуучулары өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбилоого кошкон салымы жана Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган “Бессмертный полк” акциясын өткөрүүдө көрсөткөн жардамы үчүн Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталары, Ыраазычылык каттары жана жергиликтүү коомдоштуктуктун “Патриот” белгиси менен сыйланышты.

Куттуктоо сөзүндө Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев: “Мен элдин сүймөнчүлүгүнө жана колдоосуна ээ болгон “Бессмертный полк” акциясынын катышуучуларын сыйлап жаткандыгыбызга кубанычтамын. 9-май күнү согушка катышкан баатырлардын сүрөттөрүн алып отуз миңден ашык шаар тургундары жүрүшкө чыгышты. Бул көп нерседен кабар берет.Согушта көрсөтүлгөн каармандык жана согуш жөнүндөгү чындык – бул муундан муунга бериле турган өзгөчө баалуулук.

 

“Бессмертный полк” акциясы – согуш жылдарындагы эрдиктерди эскерүү, Мекенге болгон берилгендиктин үлгүсү, мекенчилдикке тарбиялоочу күч”-деп белгиледи. 

БШКнын төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко бардык катышуучуларды даярдык көрүүгө жана акцияны уюштурууга катышкандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирүү менен, акциянын максаты – ар бир адамдын жеке эскерүүсү жана  “Бессмертный полк” Улуу Жеңиштин мураскерлерин чогултуп, бирдиктүү эскерүү мейкиндигин түзүүчү акция экендигин айтып өттү.

 “Бессмертный полк” тарыхый-мекенчил кыймылынын эл аралык кеңеши акцияны уюштуруу жана өткөрүүдөгү чоң салымы үчүн Бишкек шаардык кеңешке Ыраазычылык кат тапшырды.

Катта: “Сиздердин аркаңыздар менен бул акция чыныгы элдик демилге жана катардагы кыргызстандыктар менен бийликтин эң жогорку деңгээлдеги конструктивдүү кызматташтыгынын уникалдуу мисалы болуп калды. Кыргызстандагы “Бессмертный полк” – бул дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү үчүн    элдин биримдүүлүгүнүн суктанарлык мисалы”-деп жазылган.

Афганистандагы согуш жана аскер конфликттеринин ардагерлеринин “Боевое братство” кыргыз коомдук кыймылы БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиевди эстелик медалы менен сыйлады.

Фракциялардын лидерлери, туруктуу комиссиялардын төрагалары, борбордун мэриясынын жана 28 уюмдун өкүлдөрү дагы ыраазычылык билдирүү сөздөрүн айтышты. 

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев колдоо көрсөткөндүктөрү үчүн акциянын катышуучуларына дагы бир ирет ыраазычылык билдирди.